Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин 16-сентябрдагы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев депутаттардын жыйынга катышпай жатканын белгилеп, өз сунушун айтты. Депутат мыйзам долбоорлорун скайп программасы аркылуу талкуулоону сунуштады.
“Бүгүн комитет жыйынына 4-5 депутат келбептир. Мыйзам долбоорунун демилгечилери да жок. Эгерде мындай боло турган болсо, мындан ары планшет сатып алалы да, мыйзам долбоорлорун скайп программасы аркылуу талкуулоо системин киргизели”,- деди Абдылдаев.