Жогорку Кеңештин "Ар-намыс" фракциясы 16-сентябрдагы жыйынында КРнын Судьяларды тандоо кеңешине талапкерлерди тандады. Жыйын жүрүшүндө сунуш кылынган 12 талапкер депутаттарга өздөрүнүн программалары боюнча маалымат берип, алардын суроолоруна жооп берди. Фракция мүчөлөрү да талапкерлер тууралуу пикирлерин айтышты. Бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Судьяларды тандоо кеңешине Асел Төлөмүшева менен Жээнбек Мукамбетовдун талапкерлиги тандалып алынды. Ал эми үчүнчү талапкер фракциянын жакынкы жыйындарынын биринде белгилүү болот.