Жогорку Кеңештин депутаты Райкан Төлөгөнов быйыл кышында свет өчүрүүлөр болоруна тынчсызданарын айтты. Парламенттин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин 16-сентябрдагы жыйынында: "Суунун аздыгынан, түштүктө газдын жоктугуна байланыштуу быйыл кышында 2008-жылдагыдай шам менен отурган "романтика" кайталанабы деп корком",- дейт депутат. Депутат быйыл кышка даярдануу өкмөткө оор болгонун кошумчалады. "Өкмөттүн кышка даярдыгын канааттандырарлык деп табалы. Кышка карата бир катар чараларды көрдү. Маселе ансыз деле палатада каралат",- деди ал.