Айдарбек Осмонов Бишкек шаардык сотунун төрагасы болуп шайланды

Бүгүн, 24-январда жаңы шайланган Бишкек шаардык сотунун 21 судьясы биринчи жыйынын өткөрүшүп, Бишкек шаардык сотунун төрагасын жана анын орун басарларын шайлашты. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди. Бишкек шаардык сотунун төрагасы болуп Айдарбек Осмонов, төраганын жазык иштери жана административдик укук бузуу иштери боюнча орун басарлыгына Курманкул Зулушев жана төраганын жарандык иштер боюнча орун басары болуп Алмазбек Кудайбергенов шайланды. Ошондой эле төраганын административдик жана экономикалык иштер боюнча орун басары болуп Ирина Горшковская бекитилди. 

1. Айдарбек Осмонов;

2. Алмазбек Кудайбергенов;

3. Курманкул Зулушев;

4. Ирина Горшковская.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан