Жылнаама, 17-сентябрь: Мындан 58 жыл мурун Кыргызстандын 4-президенти Алмазбек Атамбаев туулган

* Мындан 58 жыл мурун, 1956-жылы Кыргызстандын 4-президенти Алмазбек Атамбаев Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Арашан айылында туулган. Атасы Шаршен сот системинде, апасы Канымкүл колхоздо эмгектенген. Алмазбек Атамбаев мектепти аяктаган соң Москва башкаруу институтуна тапшырып, 1980-жылы инженер-экономист адистигине ээ болуп чыккан. Ал эмгек жолун 1980-жылы Кыргыз Республикасынын Байланыш министрлигинде инженер болуп иштөө менен баштаган.
 
* Мындан 15 жыл мурун, 1999-жылы исламчыл согушчандар Айдаркен райондук борборуна жакын жерден мамлекеттик аскерлерге каршы чабуул жасашкан. Саны жагынан 150 чамасындагы баш кесерлерге каршы майлы-сайлык өзгөчө батальон каршы туруп, согуш таңкы 4кө чейин уланган. Кармашта душмандар оор жоготууга учурап, ислам согушчандарынын талаа командири Абдулазиз Юлдашевдин сөөгү согуш талаасында калган.
* Мындан 75 жыл мурун, 1939-жылы советтик жана орусиялык актёр, режиссёр, сценарист, продюсер Владимир Меньшов Азербайжандын Баку шаарында туулган. СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын ээси (1981), Орусиянын Эл артисти Владимир Меньшов “Москва көз жашка ишенбейт” тасмасы үчүн “Оскар” сыйлыгына татыган.
17-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
sportsmen.boy
2014-09-17 07:53:42
Алмаз Шаршенович туулган кунунуз менен кыргызстандын келечеги сиздин колунузда!
+1
aiba_00
2014-09-17 08:49:31
Коп жашаныз, ууланбаныз туулган кунунуз кут болсун.
+1
Odik11
2014-09-17 12:01:27
АША, коп жаша, журо бербей креслону таша )))) рифма тимеле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан