22-сентябрда шайлоо мыйзамдарын жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өтөт

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети ЮСАИДдин “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине көмөктөшүү" программасынын колдоосу менен 22-сентябрда Бишкек шаарында шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүгө багытталган КРнын конституциялык мыйзам долбоорлоруна (Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген “КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамынын долбоорлору) коомдук талкуу өткөрөт.

Аталган мыйзам долбоорлору төмөнкүлөргө багытталат: 

- республикалык жана аймактык болуп эки бөлүктөн турган саясий партиялардын талапкерлеринин бирдиктүү тизмесин түзүүдө жаңы тартипти аныктоого;

- шайлоочуларды идентификациялоо (биометрикалык маалыматтар), добуштарды саноо жана шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруу үчүн жаңы автоматташтырылган технологияларды шайлоо практикасына киргизүүгө; 

- саясий партиялардын шайлоо фонддорунун өлчөмүн көбөйтүүгө; 

- преференттик добуш берүүнү орнотууга, башкача айтканда, шайлоочулар өздөрүнүн добуштарын саясий партиянын тизмесиндеги конкреттүү талапкерге берүүсүнө; 

- колдонуудагы мыйзамдарда табылган кемчиликтерди, карама-каршылыктарды, эки ачакей, түрдүү түшүнүүлөрдү жаратканын эске алуу менен колдонуудагы шайлоо мыйзамдарынын базасында шайлоо мыйзамдарынын унификацияланган бирдиктүү укуктук негизин түзүүгө.

Иш-чарага депутаттар, өкмөт өкүлдөрү, жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер жана башкалар катыша турганын бүгүн, 16-сентябрда ЖКнын басма сөз кызматы маалымдады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан