Өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин 16-сентябрда кол койгон буйруктарынын негизинде, КРнын Конституциясынын 64-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Лада Орозбаева Улуттук банктын төрагасынын орун басары, Нурланбек Сагындыков Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөсү болуп дайындалышты.
Мамлекет башчынын башка буйруктарынын негизинде Заир Чокоев Улуттук банктын төрагасынын орун басарынын кызматынан, Салтанат Алыбаева Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөсүнүн кызматынан бошотулушту. Бул тууралуу президенттин маалыматтык-саясат бөлүмүнөн билдирди.