16-сентябрда “Татыктуу эмгекке татыктуу эмгек акы” деген темада Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин көчмө жыйыны өттү. Жыйында мугалимдердин маяналары жана бир катар көйгөйлөр талкууга алынды. Комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев биргелешкен жыйында бүгүнкү күндөгү билим берүүнүн сапатын бийик деңгээлге көтөрүү, мугалимдердин социалдык абалын жакшыртуу, алардын эмгегин татыктуу баалоо маселеси коюлуп жаткандыгын белгиледи.
Дээрлик бардык райондорду кыдырып, мектеп мугалимдери менен жолугушуп келген депутат педагогдорду тынчсыздандырган жагдай айлык маселеси экенин айтат. Бүгүнкү күндө мугалимдердин орточо эмгек акысы мурда убада кылынгандай 15 миң сом эмес, 5-7 миң сомду гана түзүп калгандыгын, бул жагдай ушул тапта мугалимдердин нааразычылыгын туудуруп жатканын билдирген депутат: “Билим берүү кызматкерлеринин эмгегин татыктуу стимулдаштыруу сапаттуу билим алуу үчүн факторлордун бири болуп санала тургандыгын эч унутууга болбойт”,- деди.