Кара-Суу районунда өрт кырсыгы катталып, 600 боо чөп күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 17-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 16-сентябрь күнү аталган райондун Сары-Колот айылында өрт чыккан. Анын кесепетинен 200 түк саман, 600 боо чөп, 500 боо жүгөрү бакалы, 2 куб отун, 500 килограмм тезек күйгөн. Өрттүн келип чыгышына электр энергиясын колдонуудагы эреженин бузулушу себеп болгон.