Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук приоритеттери 2015-жылдан кийин туруктуу өнүгүүнүн глобалдык максаттарына шайкеш келет. Муну вице-премьер-министр Эльвира Сариева 16-сентябрда Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсесинде "2015-жылдан кийинки мезгилде аймактык деңгээлде өнүктүрүүнүн күн тартиби боюнча мониторинг жана жоопкерчилик" деген темадагы жыйында айтты. Сариева жаңы максаттар Кыргызстан үчүн актуалдуу болгон маселелерди: жакырчылыкты кыскартуу, жаңы иш орундарын түзүү, билим берүү жана медициналык тейлөөнү жакшыртууну өзүнө камтый турганын билдирди. "Кыргызстан бул глобалдуу процесстин толук кандуу катышуучусу жана бул жолугушууда 17 максатты түзүүгө жана аткарууга өз сунушун берет. 2015-жылы эл аралык өнүктүрүүнүн жаңы багыттары кабыл алынып, аны ишке ашырууга Кыргызстан катышат",- деди Сариева.