Ош облусундагы Барак анклавына азык-түлүк жеткирүү үчүн Өзбекстан менен сүйлөшүү жүрүп жатат

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу сырт менен байланышсыз калган Барак анклавына азык-түлүк жеткирүү маселесин тездетүү үчүн Чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытов өзбек чек арачылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы Шайлообек Козубаев билдирди. Анын айтымында, буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү Өзбекстандын Тышкы иштер министрине кат жолдоп, Барак айылына өтүүчү “коридор” ачып берүүсүн суранышкан. Азырынча жооп жок экендигин билдирген басма сөз катчысы “азык-түлүк өткөрүлө элек, бул маселеге тиешелүү кызмат киришти, оң жагына чечилет деген үмүттөбүз” деп маалымдады.

Эске салсак, 5-7-январдагы Баткендеги чек ара жаңжалынан кийин Өзбекстан Ош облусундагы Барак анклавына кирүүчү жолду жаап салган. Барактыктар учурда тамак-ашка муктаж. Ал эми Кара-Суу райондук администрация азык-түлүктү даярдап, жолдун ачылышын гана күтүп турушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан