Ош облусунда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 17-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда Өзгөн райондук Кылмыш-жаза аткаруу инспекциясынын кызматкери соттолуучуну мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу үчүн 3 миң сом акча талап кылган. Аталган кызматкер пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда “пара талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.