Кыргызстандын юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн юстиция министрлер кеңешинин экинчи жыйынына катышат. Жыйында уюмга мүчө мамлекеттердин юстиция тармагында кызматташуусундагы орчундуу маселелер, анын ичинде соттук-эксперттик ишмердүүлүктүн көйгөйлөрү каралмакчы. ШКУга мүчө өлкөлөрдүн эксперттеринин ортосунда өз ара тажрыйба алмашуу да орун алат. "Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн юстиция министрлер кеңешинин жыйынынын негизги максаты - уюмга мүчө мамлекеттерде туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыз кылууда укуктук жактан бирге аракет көрүү",- деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.
Жыйын Орусиянын Владивосток шаарында өтөт.