Ош шаарынын вице-мэри: "Быйылкы кыш шаардагы газдын жоктугу менен айырмаланат"

Быйылкы кыш жылдагыдан эки өзгөчөлүк менен айырмаланат. Алар: шаардагы газдын жоктугу жана Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн төмөндүгү. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Ош шаардык кеңешинин 3-чакырыгынын кезектеги 20-сессиясында вице-мэр Кутманалы Абдрахман уулу жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2014-2015-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.
Анын айтымында, кышка даярдыктар 80 пайызга аткарылган. Шаарда 58 от казан бар болсо, алардын 43ү толук даяр. Ал эми Орусиядан грант катары 9 от казан келмекчи.
Шаардык кеңештин депутаты Абдыбахап Нурбаев көп кабаттуу үйлөрдөгү жылуулук системине кошууда коррупциялык схема кетип жаткандыгын айтып: "Көп кабаттуу үйлөрдүн ээлери нааразычылыгын билдирип бизге кайрылышты. Ал жерде эскилиги жеткен түтүктөрдү алмаштыруунун 50 пайызын мэрия, калган 50 пайызын жергиликтүү тургундар каржылайт. Бирок түтүктөр базардагы баадан эки эсе кымбат сунушталып жатканын айтышууда. Мен курулуш тармагында 21 жылдан бери иштеп келдим, базар баасын жакшы билебиз. Ушул нерселерди териштирүүнү кайрадан карап чыгууну сунуштайм",- деди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан