Мамлекеттик органдардын ишин электрондук формага өткөрүү долбоору 3 этап менен ишке ашат

Экономика министрлигинде 16-сентябрда Кыргызстандагы мамлекеттик органдарда электрондук башкарууну киргизүү программасы боюнча кеңешме өттү. Программанын максаты - мамлекеттик органдарда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдаланууну кардиналдуу түрдө жакшыртуу. Программа 3 этап менен ишке ашары жыйында айтылганын министрлик билдирет:
Биринчи этап 2014-жыл: Уюштуруу жана башкаруу мүнөзүндөгү даярдык көрүү иш-чаралары жүргүзүлөт.   
Экинчи этап 2015-жыл: Электрондук башкаруунун жаңы нормативдик базасы түзүлөт. 
Үчүнчү этап 2016-2017-жылдар: Электрондук башкарууну киргизүүгө зарыл болгон бардык нормативдик-укуктук актылар кабыл алынат жана программа толук ишке ашырылмакчы.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан