Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда 3 тонна таштанды чогултулду. Бул тууралуу облустагы КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Ысык-Көл районунан жана Семёнов айыл аймагынан 300гө жакын активисттер келишти. Алар техниканын жардамы менен жалпысынан 3 тонна таштанды чогултушту.
“Көчмөндөр оюндары аяктаган соң жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ишембилик уюштурушкан. Бирок жамгыр башталгандыгынан улам бардык таштандыларды чогулта алышкан жок. Ошентип, кечээ, 16-сентябрда калган таштандылар толугу менен чыгарылды”,- деп билдиришти облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан.
Эскерте кетсек, жакында аяктаган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда 200гө чукул боз үй тигилип, маданий көргөзмөлөр уюшулган.