Темир Сариев Азия өнүктүрүү банкынын өкүлү менен Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин талкуулады

Экономика министри Темир Сариев 16-сентябрда Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Чжан Вэньцай менен жолугушту. Тараптар Кыргызстан менен аталган банктын кызматташтыгынын азыркы абалы жана келечеги тууралуу сүйлөшүү жүргүзгөнүн министрлик билдирди. Сариев аталган уюмдун Кыргызстандын экономикасын көтөрүүдө ролу зор экенин, долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мындан ары да тыгыз кызматташуу зарыл экенин белгиледи. Жолугушууда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнүн келечеги тууралуу да пикир алышканы айтылды.     
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан