Чек ара аймагында жашаган жарандардын курал алып жүрүшүнө макулдук берген мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жиберилди

Жогорку Кеңештин 17-сентябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын “Чек ара ыйгарым укуктуулары” жөнүндө мыйзам долбоору талкууланып, экинчи окууда добуш берүүгө жиберилди. Мыйзам долбооруна ылайык, чек арага чектеш жашаган аймактардагы жашоочуларга курал көтөрүүгө макулдук берилет.

Демилгечи депутат Бакыт Төрөбаев бүгүн чек арага жакын жашагандар чек араны куралы жок деле коргоп жатышканын айтат. Чектеш айылдардын элдери куралы жок деле чек араны коргоп жатышат. Болгону, биз аларга мыйзамдуу кылып курал берели деп жатабыз. Мыйзам долбоорун өкмөткө шилтеме кылып беребиз, өкмөт алымча-кошумчасын айтат”,- деди Төрөбаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан