Депутат Дастан Жумабеков: “Чек арага чектеш жашаган жарандарга курал көтөрүүгө макулдук берсек, эки элдин ортосунда кооптуу жагдай жаралып калбайбы?”- деди. Депутат бул тууралуу Жогорку Кеңештин 17-сентябрдагы жыйынында “Чек ара ыйгарым укуктуулары” жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда айтты. Анын айтымында, коңшу мамлекеттерде мындай мыйзам кабыл алынган эмес.
“Чек арага чектеш аймактардагы жарандарга курал көтөрүүгө макулдук берген мыйзам долбоору бизде гана кабыл алынып жатыптыр. Эртең коңшулар да ушул сыяктуу мыйзам кабыл алса, эки элдин ортосунда кандай жагдай жаралат? Бул өтө эле кооптуу жагдайга алып барышы мүмкүн”,- дейт Жумабеков.
Мыйзам долбоордун демилгечиси Бакыт Төрөбаев: “Баарына курал берүү деген ой жок. Чек араларда кандай окуялар болду, билесиңер. Эгерде курал көтөргөн адамдар болгондо мындай нерселер болбойт эле”,- деп жооп кайтарды.