Жогорку Кеңеште 17-сентябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды четтетүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды. Демилгечилер: депутат Өмүрбек Текебаев, Роза Акназарова жана башкалар. Депутат Наталья Никитенконун айтымында, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарды өз ара шайкеш келтирүү, ошондой эле аларды дагы башка мыйзамдардын жоболоруна ылайыкташтыруу зарылдыгы келип чыкты. Мыйзамдардагы "шайлоочулардын тобу" деген түшүнүк алынып салынып, жергиликтүү кеңештерге талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга гана ыйгарылмакчы.
Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.