Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтыкты орнотуу ишине кызматкерлерди жиберүүнүн тартиби аныкталып жатат

Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңеште өлкө аймагынан сырткары БУУнун тынчтык орнотуу миссияларына катышуу үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жиберүү тартибин аныктоого багытталган “КРнын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралды.

Демилгечилердин айтымында, мыйзамда өлкө аймагынан сырткары БУУнун тынчтык орнотуу миссияларына катышуу үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жиберүү тартибинин өкмөт тарабынан аныкталуусу каралган эмес. Ошондон улам ушу тапта ошондой жобону бекитүү зарылчылыгы келип чыгууда. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун ченемдери учурдагы ченемдик-укуктук актыларга каршы келбейт.

Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан