Депутаттар Тажикстандан келген кыргыздар Кыргызстандын жарандыгын ала албай жатышканын айтышты

Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу: Тажикстандан келген кыргыздар Кыргызстандын жарандыгын ала албай таарынып жатышат”,- деп билдирди.

Жыйында “Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланып жатат.

Талкууда депутат Турсунбай Бакир уулу: “Тажикстандан келген туугандар таарынып жатышат. Алар “Өзбекстандан кыргыздар биздин кийин келишкен, бирок алар жарандык алып жатышат. Бизге да көңүл буруп койбойсуңарбы” деп айтып жатышат. Бул боюнча өкмөт кандай чара колдонуп жатат?”- деди.

Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов: Өзбекстандан келгендер аз болгондуктан, аларга камкордук көп болуп жатат. Тажикстандан келгендер өтө эле көп. Бирок биз бул маселени чечебиз”,- деди Алымкулов.

Депутат Дамира Ниязалиева кыргыздарга турмушка чыккан өзбек, тажик кыздары да жарандык ала албай жатканын ортого салды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан