Эртең, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында улуттук намыска жана улуттук, руханий баалуулуктарга шек келтирген иштерди токтотуу максатында митинг уюшулат. Бул тууралуу “Кырк чоро” коомдук уюмунун лидери Замирбек Көчөрбаев кабарлады.
“Бул атайы кыргыз улутуна каршы жүргүзүлүп жаткан идеология деп ойлойбуз. Улуттук намыска жана улуттук, руханий баалуулуктарга шек келтирген иштерди токтотуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тиешелүү мыйзам кабыл алышын талап кылып, 18-сентябрда саат 10:00дө Жогорку Кеңештин имаратынын астында митинг өткөзүүнү пландадык. Манас, Семетей, Сейтек, кырк чоро, Ата Мекен, Ата Журт, ар-намыс сыяктуу ата-бабаларыбыздан бери муундан муунга өтүп, өзгөчө маани берип ыйык тутуп келген ысымдар, ыйык сөздөр бүгүнкү күндө арак, ичимдиктерге, момпосуй-шоколаддарга коюлуп, саясий партиялардын аталыштары аталып келет”,- деп маалымдайт З.Көчөрбаев.