Депутаттар “үйлөнүү тоюн уюштуруу сиздин ишиңиз эмес” деп министр Алиясбек Алымкуловду сындашты

Чет жерде иштеп жүргөн мекендештер убагы келгенде этникалык кыргыздар болуп калышы мүмкүн”,- деди депутат Мирлан Бакиров 17-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында. Бакиров: "Мыйзамда “башка өлкөнүн жарандыгын алгандар кыргыз жарандыгын алганга тоскоолдук жок” деп жазылып турат. Бирок Орусияда иштегендер Кыргызстанга дарыланганы келсе, акчасын эки эселеп алып жатасыңар",- деп эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловго кайрылды.   

Алымкулов:Кыргызстандын жарандыгын алам дегендерге эч кандай тоскоолдук жок. Эки мамлекеттин жарандыгы барларга мен жооп бере албайм. Бул мага тийиштүү эмес”,- деди.

Министрдин жообуна канааттанбаган Бакиров: “Чынында, жаштардын үлпөт тоюн өткөрүү сиздин милдетиңизге кирбейт. А бул маселе комплекстүү болгондуктан, жалпы каралышы керек”,- деди.

Башка депутаттар да мигранттарга тиешелүү маселелерге эмгек, миграция жана жаштар министри жооп бериши керектигин айтышты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан