Бүгүн, 17-сентябрда Ош шаардык кеңешинин жыйынында Ош шаарын кеңейтүү боюнча чараларды көрүү сунушун депутат
Каныбек Исаков киргизип:
"Президент Алмазбек Атамбаев шаарларды кеңейтүү сунушун киргизди эле. Биздин шаарда ушул боюнча кандай иш-аракет көрүлүп жатат? Эгер аракет жүрбөй жаткан болсо, ушул багытта иш алып барууну сунуштайм",- деди.
Бул боюнча вице-мэр Замирбек Аскаров Кара-Суу районунун администрациясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып: "Кара-Суу райондук администрациясы менен сүйлөштүк, алар өз кызыкчылыгын айтышса, биз да өз кызыкчылыгыбызды кошуп өкмөткө сунуш жөнөткөнү жатабыз. Жакынкы күндөрү бул маселе чечилет",- деди.