Талас облусунда мал уурулук фактысына шектелип 2 жаран кармалды

Талас облусунда мал уурулук фактысына шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу аталган облустун басма сөз кызматы бүгүн, 17-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Кара-Буура районунун тургуну кайрылган. Анда ал короосунда байланып турган эки бээсин белгисиз адамдар уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү 2 жаран кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан