Чет өлкөлөрдө унаа айдоого болгон кыргызстандык күбөлүктүн аброю төмөн деңгээлге түштү. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда маалымат жыйынында КРнын Коргоо кеңешинин мүчөсү Алмаз Насыров билдирди.
Анын айтымында, мындан улам башка мамлекеттерде кыргызстандык күбөлүккө ээ болгон айдоочулар кошумча текшерүүлөрдөн өтүүгө аргасыз болушууда. “Биз ушул терс таасир эткен төмөн деңгээлди көтөрүшүбүз керек”,- деди ал.
КРнын Каттоо кызматынын башчысынын орун басары Кубанычбек Иманов: “2014-жылдын январь-июль айларынын аралыгында 41 092 айдоочуга күбөлүк берилген. Январь айында экзаменди биринчи жолу тапшырып, айдоочу күбөлүктү 72 адам алды. Февраль айында бул көрсөткүч 64 пайызга барабар болду. Мартта болсо 62 пайызга жетти. Жалпысынан 2014-жылдын жарым жылдыгында унаа айдоо үчүн күбөлүк алуучулардын 63 пайызы экзаменди биринчи жолу тапшырып алышкан. Бул айдоочуларды даярдоо системинин начар иштеп жаткандыгынын белгиси”,- деп кошумчалады.