"Газпром" Бишкек Жылуулук электр борборуна 100 миллион метр кубга чейин газ берет

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 16-сентябрда "Газпром" ААКсынын Башкаруучу кеңешинин төрагасы Алексей Миллер менен телефон аркылуу сүйлөштү. Муну 17-сентябрда президенттик аппараттан билдиришти. Сүйлөшүүдө Миллер Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборуна баасы 165 доллардан (1000 метр кубуна) 100 миллион метр кубга чейинки өлчөмдө жаратылыш газын жеткирүү боюнча "Газпром" чечим кабыл алганын айтты. Бишкек ЖЭБине газ жеткирүү маселесин 9-сентябрда Алмазбек Атамбаев менен Алексей Миллер Чолпон-Ата шаарында талкуулашкан эле.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан