Талас. Облустагы жарды жашаган үй-бүлөлөргө БУУ тарабынан жардам берилди

БУУнун дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын алкагында Талас облусундагы жакыр жашаган үй-бүлөлөргө жардам берилди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Ун, май түрүндөгү бул жардам облустагы 4 миң 215 үй-бүлөгө берилди. 1-2 адамдан турган үй-бүлөлөргө 25 килограммдан ун, 3 литрден өсүмдүк майы, 3-7 адамдан турган үй-бүлөлөргө 75 килограммдан ун, 6 литрден өсүмдүк майы, ал эми 7 адамдан ашык турган үй-бүлөлөргө 100 килограммдан ун, 7,5 литрден өсүмдүк майы таратылды. Бул жардамдарды таратууга өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Р.Ботиков, Орусиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Д.Вотрин жана Азык-түлүк программасынын өкүлү Е.Залкинг катышты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан