Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып: “Памирдеги кыргыз туугандарга жардам көрсөтүү үчүн экспедициялык топ кайрадан ишин баштайт”,- деп билдирди.
“Жылда аткарылып келген салтты улап, октябрь айында экспедициялык топ Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүүгө барат”,- деп кошумчалады ал.