Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочуларды 10 жылга чейин эркинен ажыратууга багытталган мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Бөдөш Мамырова “МАИ кызматкерлеринин унааларды жашынып алып тосуп жатышы жол кырсыгына себеп болууда” деп билдирди. Анын айтымында, МАИ кызматкерлери катуу келе жаткан унааларды бурчтан чыга калып тоскондо жол кырсыгы жаралып жатат.
“МАИ кызматкерлери жашынып алып унааларды тосушат. Айдоочулар унаасын токтото албай жол жээгиндеги даракты сүзүп алып жатышат. Ушул сунушталып жаткан мыйзамга жашынып тоскон МАИ кызматкерине да чара көрүү боюнча сунуш киргизели”,- дейт Мамырова.
Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талат Исаев жашынып жол тоскондорго чара көрүү боюнча министрдин буйругу бар экенин айтты.