"Жаңы төрөлгөн ымыркайды 11 500 сомго сатып жиберген" деп шектелген акушер-гинеколог үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы бүгүн, 17-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 27-августунда жаңы төрөлгөн ымыркай Элмира аттуу айымга 11 500 сомго сатылган. Бул кылмышка шектүү катары жеке акушер-гинеколог Э.Л.Т. кармалган.
Кечээ, 16-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту айыпталуучунун баш коргоо чарасын караган. Сот тарабынан айыпталуучу айымдын кылган кылмышы оор болгондугуна байланыштуу баш коргоо чарасы камакта кармоо чечими кабыл алынышы керектиги эскертилген.
Бирок тергөө органдары тарабынан айыпталуучу айымдын туруктуу жашаган жери Бишкек шаарында документалдуу аныкталгандыгы, тергөө органдары менен кызматташууга даярдыгы, жашы жете элек үч баласы бар экендигин эске алышып үй камагына чыгарып берүүсүн өтүнүшкөн.
Буга байланыштуу Свердлов райондук соту тергөө органдарынын өтүнүчүн канааттандырды. Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат.