Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине доомат көп экенин айтты өкмөт башчы

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине доомат көп түшүүдө. Муну өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 17-сентябрда бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында айтты. Премьер-министрдин билдиришинче, жарандардын ишке орношуусуна уруксат берүү жаатында министрликте көйгөй жаралууда. Буга байланыштуу министрликте кадрдык алмашуулар болорун айтты Оторбаев. 
Эскерте кетсек, буга чейин аталган министрликтин жетекчиси Алиясбек Алымкуловдун кызматтан алынышы мүмкүн экени айтылып жаткан.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан