“МАИ кызматкерлери жоопкерчиликсиз иштеп жатышат”,- деп билдирди депутат Улукбек Кочкоров 17-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында. Жыйында кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочуларды 10 жылга чейин эркинен ажыратууга багытталган мыйзам долбоору талкууланууда.
Анын айтымында, МАИ кызматкерлерин сандан сапатка өткөрүүгө убакыт келди. “10 МАИ кызматкеринин ордуна бир гана кызматкерди калтырсак кандай болот? Ошол 10 киши алып жаткан айлык бир кишиге берилсе, эч кандай пара албай, таза иштейт болчу”,- деп Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талат Исаевге кайрылды.
Исаев ансыз деле МАИ кызматкерлери аз санда экенин айтты.