Жоомарт Оторбаев Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Чжан Веньцай менен жолугушту

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 16-сентябрда Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Чжан Веньцай менен жолугушту. Жолугушууда өкмөт башчы Кыргызстан менен АӨБнын мамилеси 1994-жылдан бери жемиштүү уланып жатканын белгиледи. "Кыргызстан 2013-2017-жылдарга карата улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясын ишке ашырууда жана АӨБнын Шериктештик стратегиясынын алкагында энергетика тармагындагы мыйзамдарды жакшыртуу менен инвестициялык абалды оңдоо, аймактык өнүктүрүү, суу менен камсыздоо жана санитария жаатындагы көмөк көрсөтүү ниетин колдоого алат. Билим берүү жана кадрлардын кесиптик даярдыгын жогорулатуу багытында өз алдынча иш пландалууда",- деди премьер-министр.

Чжан Веньцай из кызматташуубузду баалайбыз жана өлкөнү өнүктүрүүнүн келечектүү стратегиялык багыттарын колдоого алуу үчүн бардык мүмкүндүктөрдү жумшайбыз" деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан