Эртең Ош жана Баткен шаарларында аскер кызматкерлери үчүн көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушу башталат

18-19-сентябрь күндөрү Ош жана Баткен шаарларында аскер кызматкерлери үчүн турак үйлөр курула баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери салтанаттуу иш-чара менен башталат. Капсулаларды таштоо аземине КРнын Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев, жергиликтүү башкармалыктардын жана бөлүктөрдүн жетекчилиги катышат.

Айта кетсек, аскер кызматкерлерине көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу иштери КРнын Өкмөтүнүн жарлыгынын алкагында өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан