Кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочуларды 10 жылга чейин эркинен ажырата турган мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди

Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууда талкууланды. 

Мыйзам долбоорун демилгелөө ден соолукка ар кандай даражадагы зыян келтирген, анын ичинде адамдардын өлүмүнө алып келген жол-транспорт кырсыктарынын, алкоголдук, баңгилик жана башкача мас абалда транспорт каражаттарын башкарган адамдар катышкан кырсыктардын санынын көбөйүшүнөн келип чыкканы айтылды.

Мыйзам долбооруна ылайык, мас абалында унаа башкарып, адам сүзүп алып, ал адам өмүрүн алып кетсе же ден соолугуна оор жаракат алып келсе, 3 жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен 8 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган. Мындан сырткары жарандардын саламаттыгына залал келтирилип же адам өлүмү менен коштолгон кырсык болгон жерди таштап кеткендерге 3 жылдык мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен 3 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу сунушталган.

Ошондой эле кодексти “автобейбаштык” деген берене менен толуктоо каралган. "Автобейбаштык" беренеси автожарыш, коомдук тартипти, жарандардын тынчтыгын көз көрүнөө бузган, коомду сыйлабаган мамилени билдирген деп аныкталган. Ошондой эле үлпөт колоннасында бештен ашык транспорт каражаты болбошу керектиги белгиленген. Андан ашкан учурда эсептик көрсөткүчтүн отуздан жыйырма өлчөмүнө чейинки администрациялык айып пул салууга алып келет.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жолдонду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан