Сокулук районунда жол кырсыгы катталып, 51 жаштагы айдоочу каза тапты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 17-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 51 жаштагы айдоочу Форд Мондео унаасы менен келе жатып, рулду башкара албай жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Анын кесепетинен 51 жаштагы жаран алган жараатынан улам ошол жерде каза тапкан. Ал эми ичиндеги 47 жаштагы айым жана 6 жаштагы бала ооруканага жеткирилген.