Үлпөт тойго чыккан унаалардын санын кыскартууга депутат Дастан Бекешев каршы

Кыргызстанда үлпөт тойго чыккан унаалардын санын кыскартууга парламент депутаты Дастан Бекешев каршы. Муну депутат Жогорку Кеңештин 17-сентябрдагы жыйынында айтып чыкты. Эгер тойго чыккан унаалардын саны кыскартылса, анда мамлекеттик кортеждеги унаалардын санын да кыскартуу зарыл деп эсептейт Бекешев. "Жөнөкөй жарандар менен чиновниктердин укугу бирдей болушу керек. Анда мамлекеттик кортеждеги унааларды кыскарталы",- деди ал. 
Айта кетсек, жыйында кырсык болгон жерден качып кеткен күнөөлүү айдоочуну 10 жылга чейин эркинен ажырата турган мыйзам долбоору каралды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан