Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Коомдук алдын алуу борборлорунун катышуусунун укуктук негиздерин өнүктүрүү жана бекемдөө максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Өмүрбек Текебаев. “Сунушталып жаткан түзөтүүлөр жергиликтүү деңгээлдеги укук бузуулардын алдын алуу программасын ишке ашырууга, укук бузуулардын алдын алууда КААБдын каржылык жактан көз карандысыз субъект болуусуна мүмкүнчүлүк берет”,- дейт Текебаев.
КААБдын иш-аракетин иликтөө көрсөткөндөй, алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга анын статусунун укуктук жактан аныкталбагандыгы, каржылык булактары жана өздүк балансынын жоктугу, ошондой эле КААБдын иш-аракетин жергиликтүү жана республикалык деңгээлде жетишсиз координациялоо сындуу бир катар жагдайлар тоскоолдук болууда.
Ошондон улам КААБдын коомдук коммерциялык эмес уюм катары укук бузуулардын алдын алуу иштерине катышуу максатында түзүлгөн статусун аныктоо сунуш кылынат. КААБдын координациялоо ишин азыркы учурда жергиликтүү деңгээлде ийгиликтүү иштеп жаткан укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмелерине өткөрүп берүүнү сунуш кылат.
Эгер бул мыйзам кабыл алынып калса, алар атайын программаларды түзүү аркылуу жеке ишкерлердин, эл аралык уюмдардын жардамын алат. Бирок алардын иши өзүн түзгөн жергиликтүү башкаруу органдарынын көзөмөлүндө турат.
Мыйзам долбоору талкуу учурунда айтылган сунуштарды эске алуу менен биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.