Аламүдүн районунда уурулук фактысына шектелип туруктуу жашаган жери жок жаран кармалды

Аламүдүн районунда уурулук фактысына шектелип 41 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 17-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине аталган райондун тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар Аламүдүн айылында жайгашкан кафенин эшигин сындырып, ичиндеги эмеректерди, идиш-аяктарды уурдап кетишкенин айткан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип, туруктуу жашаган жери жок 41 жаштагы жаран кармалган.

Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан