Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек жана Ош шаарынын тургундарынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” жана “КРнын ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлору каралды. Мыйзам долбоорлорунун демилгечилери – депутаттар Өмүрбек Текебаев, Асия Сасыкбаева, Наталья Никитенко, Жоомарт Сапарбаев, Бактыбек Калмаматов.
Өмүрбек Текебаевдин айтымында, бул мыйзам долбоору 2005-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган, бирок "каражат тартыш" деген шылтоо менен кол коюлбай кайра кайтарылгандыктан, азыр кайра киргизилип жатат. Мыйзам долбооруна ылайык, ордо калаанын бардык мекемелери менен ишканаларына видеобайкоо жабдууларын орнотуу милдеттендирилет. Видеобайкоо жабдуулары ошол мекеме жайгашкан жерде сырткы көзөмөл үчүн пайдаланылат.
Видеобайкоо жабдууларын орнотуу мамлекеттик мекемелер үчүн республикалык бюджеттен, муниципалдык мекемелер үчүн жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Ал эми жеке менчик ишканалар өз каражатынын эсебинен орнотушат.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.