Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Каракол шаарында зордук-зомбулукка кабылган балдарга колдоо көрсөтүүчү борбордун ачылышына катышты. Бул тууралуу 17-сентябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
"ЮНЕСКО балдардын укуктары жана эркиндиктерин коргоо боюнча биздин стратегиялык өнөктөшүбүз болуп саналат. ЮНЕСКОнун жетекчилиги менен 2015-2017-жылдары калкты социалдык жактан коргоо боюнча программаны, анын ичинде балдардын укуктарын билбеген учурларды жоюуну талкууладык",- деди министр.
Анын айтымында, азыркы тапта өлкө боюнча психологиялык жактан колдоо көрсөтө турган 40тан ашуун борбор иш алып барат. Жогорудагы борбордун ачылышына Улуу Британиянын элчиси Жудит Фарнворт, ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы өкүлү Юки Мокуо жана башкалар катышышты.