Кант шаарында “көп суммадагы акча уурдаган” деп шектелип 30 жаштагы жаран кармалды

Кант шаарында “көп суммадагы акча уурдаган” деп шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 17-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Кант шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз жарандар үйүнө кирип 150 миң сомун жана 1500 долларын уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү делинип 30 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан