Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев Жол-кайгуул кызматынын жетекчиси Канат Исаевге кайрылып: “Бишкекте 6-7 жетекчи Жол-кайгуул кызматынын коштоосунда унаалары менен 100-120-ылдамдыкта өтүшөт. Ылдамдыгын бекитип бербейсиңерби?”- деди.
Депутаттын айтымында, башка мамлекеттерде жетекчилерге мындай ылдамдыкта жүрүүгө тыюу салынат.
“Мен айткан чиновниктер башкаларга жол бошотуп беришпейт. Айрым учурда гана 80-ылдамдыкты кармашат. Мен буга өзүм күбө болуп жүрөм. Мындай нерсени башка мамлекеттердин жетекчилери колдонбойт, уруксат да берилбейт”,- деди Абдылдаев.