Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборунун кубаттуулугу күчөйт. Муну 17-сентябрда Энергетика жана өнөр жай министрлиги билдирди. ЖЭБге газ жеткирүүнүн көлөмү 22,5 миллион метр кубдан 100 миллион метр кубга чейин өсүшү аталган борбордун кубаттуулугу 350 мегаваттка чейин жетишине жол ачат. Газдын мындай көлөмдө колдонулушу жергиликтүү көмүрдү пайдаланууну 400 миң тоннадан 550 миң тоннага чейин жогорулатууга шарт түзөрү айтылды.
Айта кетсек, "Газпром" Бишкек ЖЭБине метр кубун 165 доллардан 100 миллион метр куб өлчөмүнө чейин газ бере турганын билдирген эле.