Владимир Путин телефон аркылуу президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 17-сентябрда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны туулган күнү менен куттуктады. Муну президенттик аппараттан билдиришти. "Биздин ортобузда түзүлгөн ишенимди жана өз ара түшүнүшүүнү жогору баалайм",- деген Путин өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге бекем ден соолук, ийгилик каалады. Орусия лидери биргелешкен иштердин жана конструктивдүү диалогдордун уланышына ишеним артарын кошумчалайт.  
Айта кетсек, Алмазбек Атамбаев бүгүн 58 жашка толду. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан