ЖКнын 24-январдагы жыйынында депутат Урмат Аманбаева Кыргызстанда 3 миӊге жакын дарыкана бар экенин айтып, алардан түшкөн акчалар дайынсыз жок болуп жатканын белгиледи. "Бюджетте акча жетишпейт деп жатабыз. Бирок дары-дармек жана медициналык техникалар боюнча мамлекеттик департамент, 3 миӊге жакын дарыкана бар. Алардан түшкөн каражаттар кайда кетип жатат? Бул боюнча комиссия дагы түзүлгөн, бирок ишинин жыйынтыгы чыга элек" деди. Депутаттын айтымында Кыргызстанга чет өлкөдөн жылына 1 миллиард сомдук дары-дармектер келет.