Африканын батышында жайылып жаткан Эбола лихорадкасынан улам көз жумган адамдардын саны 2,5 миңден ашып, дээрлик 5 миң адамдын жуктуруп алганы айтылууда. Сентябрь айынын башында Бириккен Улуттар Уюму Эбола вирусу менен күрөшүү үчүн 600 миллион доллар керектигин эсептеп чыккан эле. Дүйнө коомчулугу дарт менен күрөштү колго алып, АКШдагы дарыгерлер илдетке каршы дарынын үстүндө иштеп келишүүдө. Бул арада Австралия Эбола вирусу менен күрөшүү үчүн 6,4 миллион доллар бөлөрүн 17-сентябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, Австралия Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна жана "Чек арасыз дарыгерлер" Эл аралык уюмуна каражат берип жардам көрсөтөт. Буга чейин Канберра да 1 миллион австралиялык доллар (0,9 миллион АКШ доллары) каражат бөлгөн эле.
Шейшембиде БУУ донор өлкөлөрдөн 1 миллиард доллар өлчөмүндө каржылык жардам сураган. Эбола вирусу менен күрөшүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк банк 105 миллион доллар бөлөрү айтылган.