Бүгүн, 17-сентябрда Япониядагы белгилүү университеттерде билим алган КРнын мамлекеттик кызматкерлери менен Эл аралык кызматташтык боюнча япон борборунун жетекчиси Вакако Хашимотонун жолугушуусу болуп өттү. Япониядагы Кыргызстандын элчилигинде болгон жолугушуу тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Анда КРнын Япониядагы элчиси Рысбек Молдогазиев окуусун аяктаган кызматкерлерди куттуктап, алардын Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошоруна ишенерин билдирди. Ошондой эле Адам ресурстарын өнүктүрүү программасы боюнча КРнын мамлекеттик кызматкерлерине стипендия берген япон тарапка ыраазычылыгын айтты.
Вакако Хашимото өз сөзүндө билим алгандардын тырышчаактыгы, аракетине жогору баа бергенин айтты. Мындан сырткары Адам ресурстарын өнүктүрүү программасын Кыргызстанда улантууну айтты.